Адабият боюнча Нобель сыйлыгын Боб Дилан алды

© AFP / FRED TANNEAUАмериканский поэт и исполнитель Боб Дилан
Американский поэт и исполнитель Боб Дилан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нобель сыйлыгы 10-декабрда Стокгольмдо өтөт. Бул жылы лауреаттарга бериле турчу акчалай сыйлыктын көлөмү 8 миллион швед кронун (932 миң доллар) түзөт.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. 2016-жылдагы адабият боюнча Нобель сыйлыгын америкалык композитор жана аткаруучу Боб Диланга ыйгарылганын РИА Новости билдирди.

Бул тууралуу бейшемби күнү швед академиясы маалымдады. Академиянын туруктуу катчысы Сара Даниус композиторго сыйлыкты ыйгаруу бир добуштан колдоого алынганын айтты.

"Ал аткарууга ыңгайлуу болгон ырларды жазат. Диландын чыгармачылыгы терең салт менен тыгыз байланышта, ал музыка менен жогорку көркөм деңгээлде даана байкалып турат", — деп Сара Даниус SVT каналына билдирген.

Колумбиянын президенти Хуан Мануэл Сантоско тынчтык үчүн нобель сыйлыгын ыйгаруу аземинде - Sputnik Кыргызстан
Нобель сыйлыгы быйыл Колумбия президентине ыйгарылды
75 жаштагы Диландын 50дөн ашык альбому, тогуз "Грэмми" сыйлыгы бар. Ал ошондой эле поп-музыкага жана Американын маданиятына кошкон салымы үчүн Пулитцер сыйлыгын алган.

Нобель сыйлыгын тапшыруу аземи 10-декабрда Стокгольмдо өтөт. Бул жылы лауреаттарга бериле турчу акчалай сыйлыктын көлөмү 8 миллион швед кронун (932 миң доллар) түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0