Филиппинде бороондон улам 12 миң киши эвакуацияланды

© REUTERS / ERIK DE CASTROПоследствия сильного шторма в Филиппинах
Последствия сильного шторма в Филиппинах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперттер "Сарика" быйылкы жылдагы эң ири бороондуу шамал болушу мүмкүн экенин эскертишүүдө.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Филиппин бийлиги үчүнчү даражадагы "Сарика" бороонунан улам өлкөнүн түндүк тарабындагы 12 миң жашоочуну аймактан алып чыгып кетти. Бул тууралуу Рейтер агенттигине шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.

Метеорологдордун маалыматы боюнча катуу шамалдын ылдамдыгы кургактыкка жеткенден кийин саатына 130 чакырымды түзүп жатат. Учурда "Сариканын" нугу батыш тарапты көздөй бурулууда.

Европага кайык аркылуу келген качкындар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жыл башынан бери Европага деңиз аркылуу 316 миң качкын келген
Акыркы маалыматтар боюнча бороондуу шамал кеминде эки кишинин өмүрүнө забын болду. 

Адистер мындан тышкары "Хаим" шамалына да көз салып турушат. Божомолдорго ылайык, ал аталган өлкө аймагында дүйшөмбү күнү күч алат.

Буга чейин Филиппин авиакомпаниялары бороондон улам бир катар эл аралык жана ички каттамдарды токтоткону белгилүү. Мындан улам учурда 6,5 миңге чукул адам деңиз портторунда эч жакка чыга албай турат.

Эксперттер "Сарика" быйылкы жылдагы эң ири бороондуу шамал болушу мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0