Кытайда үч көздүү жана эки мурундуу торопой туулду

© flickr.com / Orin ZebestЖаңы туулган торопойлор. Архив
Жаңы туулган торопойлор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаныбар өзү менен чогуу туулган бир туугандарынан кичирээк. Ээси ага бөтөлкө менен сүт берет.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кытайда үч көздүү жана эки мурундуу торопой туулду. Бул тууралуу Синьхуа агенттигине шилтеме кылып РИА Новости маалымдады. 

​Жаныбар өлкөнүн түштүк-батышындагы фермалардын биринде туулган.

"Мен башында андан корктум, андан кийин ал мага жагымдуу көрүнө баштады", — дейт торопойдун ээси Хэ Жусянь. 

Агенттик белгилегендей, өз алдынча тамактануусу оор болгондуктан ферманын ээси ага бөтөлкө менен сүт берет. Сүрөттөрдө торопойдун өзүнүн бир туугандарына салыштырмалуу кичинекей экендиги көрүнүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0