Израилде балдары менен "Ислам мамлекетине" кошулган жубайлар жазага тартылды

© AFP / TAUSEEF MUSTAFA"Ислам мамлекети" террористтик уюмунун желегин кармаган согушкерлер. Архив
Ислам мамлекети террористтик уюмунун желегин кармаган согушкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Израилде "Ислам мамлекети" террористтик уюмунун ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Мындан улам алар менен байланышы бар адамдар дароо жазага тартылат.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Израилде "Ислам мамлекети" террористик уюмуна кошулуп, үч кичинекей баласы менен Иракка көчүп кеткен жубайлар сот алдында жоопко тартылышты. Мындай маалыматты Израилдин коопсуздук кызматы билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Экстремисттик пропаганданын курмандыгына айланган Зубейдаттардын үй-бүлөсү Сахнин араб шаарынан Румыния, Түркия, Сирия аркылуу Иракка сапар алган. Бирок Мосулдагы оор жашоодон улам кайра Израилге кайтып келген жубайларга террористтик уюмга катыштыгы бар жана өлкөнүн душманы деген айып тагылды.

“Ислам мамлекети” террордук уюмунун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЦРУ башчысы: "Ислам мамлекетине" кошулгандар азайып бара жатат
Маалыматтарга ылайык, Иракта аталган үй-бүлө антисанитардык шартта, суу, электр энергиясы жана медициналык кызмат көрсөтүлбөгөн жерде жашаган. Балдары көпкө чейин окубай, ооруп-сыктап кыйналышкан.

Үй-бүлө ээси Виссам аскердик даярдыктан өтүп, ирак армиясына каршы бир топ согуштарга катышып, бирок эч кандай жаракат алган эмес.

Ирактан качуу үчүн аталган үй-бүлө аткезчилерге бир канча миңдеген долларларды төлөп, араңдан зорго Түркияга жеткен. Бирок аларды соттоп кайра өз өлкөсүнө жөнөтүшкөн.

Израилде "Ислам мамлекети" террористтик уюмунун ишмердүүлүгөн тыюу салынган, мындан улам алар менен байланышы адамдар дароо жазага тартылат. Өлкө бийлиги мурун мамлекеттен качып аталган уюмга кошулган мекендештерин дароо жарандыгын алып салуу тууралуу эскерткен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0