Чикагодо кыргыз маданий борбору ачылды

© Фото / пресс-служба "Замандаш"Открытие Кыргызского культурного центра в Чикаго
Открытие Кыргызского культурного центра в Чикаго - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданий борбордун ачылыш максаты- кыргыз маданиятын, салт-санаа,үрп-адатын өнүктүрүү жана жайылтуу болуп саналат.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 23-октябрында Чикаго шаарында кыргыз маданий борборунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу "Замандаш" ассоциациясынын маалымат кызматы билдирди.

Майрамдык иш-чарага АКШдагы Кыргызстандын элчилигинин консулу, Чикаго шаарында жашаган кыргызстандыктар жана түрк, өзбек, түркмөн диаспораларынын өкүлдөрү катышты. 

Маданий борбордун негизги максаты — кыргыз маданиятын, салт-санаа, үрп-адатын өнүктүрүү жана жайылтуу болуп саналат.

Кыргызская государственная филармония им. Т. Сатылганова. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Филармония 80 жылдыгына арналган концертке чакырат
Иш-чаранын алкагында "макал айтышуу" сынагы өткөрүлсө, кичинекей балдар-кыздар кыргыз ырларынан көркөм окуп беришти. Ошондой эле келген коноктор кыргыз улуттук ашканасынын тамак-аштарынан даам сызып кетишти.

Жаңы түзүлгөн кыргыз маданий борборунун атынан консул Алтынай Сакеевага диаспоралар менен тыгыз иштешкени үчүн атайын сертификат тапшырылды.

Ал эми консул өз сөзүндө Чикагодогу кыргыз диаспорасы Америкадагы эң ынтымактуу жана активдүү диаспорлардын бири экендигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0