Кытайда 230дан ашуун ак кууну ууландыргандарды кармоо иштери жүрүп жатат

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКөлдө сүзүп жүргөн ак куулар. Архив
Көлдө сүзүп жүргөн ак куулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жекшембиде малчылар суудан алып чыккан аккуулардын өлүктөрү Кытай интернет айдыңына тарап кеткен.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кытай полициясы Ички Монголия автономдуу районунда 233төн ашуун ак кууну ууландыргандар боюнча маалымат бергендерге 14 миң 800 доллар төлөп берүүгө убада кылды. Бул туурасында РИА Новости Синьхуа агенттигине шилтеме кылып маалымдады.

Аюу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токтогулдун жашоочуларынын үйүнөн аюунун эти менен териси табылды
Буга чейин аталган аймактагы көлдөрдүн биринен өлүп калган 233 ак куу табышкан. Өткөн жекшембиде малчылар суудан алып чыккан аккуулардын өлүктөрү Кытай интернет айдыңына тарап кеткен.

Полициянын жергиликтүү өкүлү Хань Жуйцзинь ак кууларга уу берген кишилер боюнча маалымат берген адамга акчалай сыйлык караларын айтты. 

Маалыматтарга караганда куштардын өлүмүнө химиялык ууландыруу себеп болгон. Адистер ак кууларды текшере келгенде алардын канынан карбофуран деп аталган уулуу затты тапкан. Аны адатта айыл чарбасында мителерге, тагыраагы өсүмдүктөрдү зыянкеч курттардан коргоо үчүн пайдаланышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0