WhatsApp Android колдонуучулары үчүн видео чалууларды сынай баштады

© AFP / STAN HONDAWhatsApp мобилдик тиркемеси. Архив
WhatsApp мобилдик тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чектелген колдонуучулардын чөйрөсүндө үн билдирүү менен чалуудан сырткары видео чалуу кызматы пайда болду. Бул функция WhatsApp тиркемесинин акыркы бета-версиясында иштейт.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. WhatsApp уюлдук мессенджери Adroid колдонуучуларынын чектелген чөйрөсүндө видео чалууну сынай баштады. Бул тууралуу Android Police интернет-порталына шилтеме кылып The Daily Mail британ басылмасы маалымдады. 

​Басылма белгилегендей, WhatsApp аркылуу чалууну каалаган колдонуучулар үн жана видео чалуу деген эки тандоону көрүшөт. Ошол эле учурда камера аркылуу баарлашуу үчүн чалууну кабыл алып жаткан тараптын дагы ушул версиясы болушу шарт.

Facebook тармагыннын баракчасы, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Facebook тармагындагы вирустан кантип кутулуу керек?
Skype функцияларына окшогон жаңы кеңейтүү WhatsApp тиркемесинин акыркы бета-версиясында (2.16.318) иштейт, айрымдарында бул кызмат жаңылоо орнотулбаса деле жеткиликтүү. Азырынча кеңири жеткиликтүү боло турган учур айтыла элек.

Тиркеменин иштеп чыгуучулары жакында эле видеого жана фотого жазганга жана тартканга мүмкүн боло турган камеранын мүмкүнчүлүгүнүн кеңейиши менен тааныштырган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0