ЖМК: Кытай чалгынчылары Пентагондун жашыруун пландарын уурдап кеткен

© AFP / STAFFЗдание штаб-квартиры Министерства обороны США в Вашингтоне.
Здание штаб-квартиры Министерства обороны США в Вашингтоне. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Басылманын маалыматы боюнча, доклад толугу менен 16-ноябрда жарыяланат.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кытай тыңчылары АКШнын улуттук коопсуздук системасына кирип, Пентагондун Пекин менен боло турган чыр-чатактар боюнча жашыруун делген документтерин уурдап кеткен. Бул туурасында РИА Новости Washington Free Beacon басылмасына таянып кабарлады.

Бул маалымат Конгресстин комиссиясынын докладында айтылган.

Анда кытай тыңчыларынын максаты ФБР жана Тынч океан боюнча командачылыгы болгон. 

"Уурдалган документтердин ичинде 5,6 миллион манжа издери болгон. Анын айрымдары АКШ өкмөтүнүн жашыруун иштеген агенттерин идентификациялоого пайдаланылышы мүмкүн", — деп айтылат билдирүүдө.

Басылманын маалыматы боюнча, доклад толугу менен 16-ноябрда жарыяланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0