Нобель сыйлыгы ыйгарылган Боб Дилан аны укканда сөз таппай калганын айтты

© AFP / FRED TANNEAUАмериканский поэт и исполнитель Боб Дилан
Американский поэт и исполнитель Боб Дилан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Боб Диланга 2016-жылдын адабият жаатында Нобель сыйлыгы ыйгарылган. Анткен менен мындай маанилүү сыйлыкка ырчы эки аптадан бери үн катпай келген.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Америкалык акын, композитор жана аткаруучу Боб Дилан Нобель сыйлыгын ала тургандыгын жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. 

Боб Дилан 2016-жылдын адабият жаатындагы Нобель сыйлыгына татыктуу деп табылган. Анткен менен ал эки аптадан бери сыйлык боюнча же ак, же көк дебей келген. Ал эми Шведдик академия композитор менен байланыша албай койгон. Андан соң ал академия өзү чалган.

"Менин Нобель сыйлыгына татыктуу болушум тууралуу кабарды укканда сүйлөөгө сөз таппай калдым. Албетте, сыйлыкты кабыл алам. Мүмкүн болсо сыйлык тапшыруу аземине катышам", — деди Боб Дилан.

Колумбиянын президенти Хуан Мануэл Сантоско тынчтык үчүн нобель сыйлыгын ыйгаруу аземинде - Sputnik Кыргызстан
Нобель сыйлыгы быйыл Колумбия президентине ыйгарылды
Ырчы кадырлуу сыйлыкты утуп алганына ишене албай тургандыгын кошумчалаган.

75 жаштагы Диландын 50дөн ашык альбому, тогуз "Грэмми" сыйлыгы бар. Ал ошондой эле поп-музыкага жана Американын маданиятына кошкон салымы үчүн Пулитцер сыйлыгын алган.

Нобель сыйлыгын тапшыруу аземи 10-декабрда Стокгольмдо өтөт. Бул жылы лауреаттарга бериле турчу акчалай сыйлыктын көлөмү 8 миллион швед кронун (932 миң доллар) түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0