Ажырашып жаткан Брэд Питт менен Анжелина Жоли Жаңы Орлеандагы үйүн сатышты

© AFP / CARL COURTЗвездная пара актеров Анджелина Джоли и Брэд Питт
Звездная пара актеров Анджелина Джоли и Брэд Питт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атактуу түгөйлөр үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында эки жолго түшкөндүгүн расмий жарыялашкан.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Атактуу актерлор Брэд Питт менен Анжелина Жоли Жаңы Орлеандагы үйүн 4,9 миллион долларга сатышты. Бул тууралуу РИА Новости Ассошиэйтед Пресс агенттигине таянуу менен жазып чыкты.

Эске сала кетсек, атактуу түгөйлөр үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында эки жолго түшкөндүгүн расмий жарыялашкан.

"Үй жакшы баага сатылды. Питт менен Жоли да ыраазы болду", — деди актерлордун кыймылсыз мүлк боюнча агенти Найна Килин.

Брэд Питт жана Анжелина Жоли Голливуддун эң мыкты деген, кымбат турган актерлорунун бири. Алар көп жылдардан бери чогуу жашап жүрүп, 2014-жылы баш кошкон. Түгөйлөр көп балалуу бактылуу үй-бүлөнүн символу деп эсептелинчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0