PSY ырчынын экинчи клибин Youtube каналынан миллиард адам көрдү

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүТүштүк кореялык PSY аттуу ырчынын архивдик сүрөтү
Түштүк кореялык PSY аттуу ырчынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк кореялык ырчынын "Gangnam Style" аттуу чыгармасы миллиард көрүүчү чогулткан алгачкы эмгек болуп саналат.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Түштүк кореялык PSY аттуу ырчынын "GENTLEMAN" ырынын видеоклибин YouTube каналынан көргөндөрдүн саны бир миллиарддан ашты. Бул тууралуу өнөрпоз өзү Twitter баракчасына жазды. 

​Аталган клип анын коллекциясындагы миллиард чегинен өткөн экинчи чыгарма болуп саналат. Ырчынын "Gangnam Style" аттуу биринчи мегахити YouТube каналында эки миллиарддык чекти ашкан жападан жалгыз клип болуп саналат (бүгүнкү күндө аны 2,7 миллиард адам көрдү). 

"Миллиарддык чектен" ашкан тизмекке Тейлор Свифт, Жастин Бибер, Кэти Пэрри, Меган Трейнор, Марк Ронсон, Энрике Иглесиас жана Аделдин клиптерин кошууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0