Таиланддын мураскер ханзаадасы 1-декабрда такка отурат

© AP Photo / Sakchai LalitТаиланддын мураскер ханзаадасы Маха Вачиралонгкорндун архивдик сүрөтү
Таиланддын мураскер ханзаадасы Маха Вачиралонгкорндун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таиланддын премьер-министри генерал Прают Чан-Оч каза болгон король Пхумипхон Адулъядеттге 15 күндөн кем эмес аза күтүлгөн соң гана мураскер ханзааданы такка отургузуу иш чарасы болорун билдирген.

БИШКЕК, 1-ноя.— Sputnik. Таиланддын бийлиги мураскер ханзада Мах Ватчиралонгкон Махидолду 1-декабрда тактыга отургузуу иштерине даярданууда. Бул тууралуу жазган Рейтер агенттигине РИА Новости шилтеме берген. 

Буга чейин Таиланддын премьер-министри генерал Прают Чан-Оч каза болгон король Пхумипхон Адулъядеттге 15 күндөн кем эмес аза күтүлгөн соң гана мураскер ханзааданы такка отургузуу аземи болорун билдирген.

"Биз даярданып жатабыз. 1-декабрь деп турабыз. Бирок бул убакыт так эмес", — деп жазылат айрым булактарда.

Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Таиланд королунун каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты
Эске салсак, Таиланддын королу Пхумипхон Адулъядет 13-октябрда 89 жашында көз жумган. Тактыга 1946-жылы келген король дүйнөдөгү монархтардын ичинен өлкөнү эң узак башкарган башкаруучу болуп саналат.

Европадан билим алган монарх улуттук ирригациялык система куруу боюнча демилге көтөрүп, анын ишке ашуусун өзү көзөмөлдөгөн. Анын бул аракетинен улам өлкө дүйнөгө күрүчтү экспорттоо боюнча биринчи орунга чыккан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0