Хэллоуинди тосуп алуу. Архивдик сүрөт

АКШда Хэллоуинди майрамдап жаткан балдарды унаа сүзүп кетти

(жаңыланган 14:01 01.11.2016)
Кырсык Чанки деп аталган чакан шаарда катталган. Андан үч адам каза болуп, жетөөсү оор жаракат алды.

БИШКЕК, 1-ноя.— Sputnik. АКШнын Миссисипи штатында ичинде кишиси бар чиркегич менен жүк ташуучу унаанын кагылышуусунан үч адам каза болуп, жетөөсү оор жарадар болду. Бул тууралуу NBC News телеканалынын маалыматына таянып РИА Новости кабарлады.

Окуя Чанки деп аталган чакан шаарда катталган. Ачык чиркегичтин ичинде балдар жана чоң кишилер Хэллоуин майрамын белгилеп жатышкан. Жүк ташуучу унаа ошол маалда аны коюп кеткен. Кырсыктан эки жаш бала жана бир чоң киши каза болуп, жети адам жаракат болгон. Жабыркагандарды ооруканага жеткирүү үчүн эки тик учак керектелди.

Учурда кырсыктын себеби тактала элек. Окуяны полиция кызматкерлери иликтөөгө алды.

Белгилер:
Хэллоуин, Миссисипи, АКШ
Тема боюнча
Хэллоуин: улуттук кийимдер менен түшкөн сүрөттөр талаш жаратты
Екатеринбург шаарындагы мигранттар. Архив

Россияда мигрант куруучулардын реестрин түзүү сунушталууда. Максаты кандай

(жаңыланган 16:02 22.04.2021)
Жаңы эреже мигранттарга жумушка оңой орношууга, айлык акысын убагында алып, жакшы шарттарды талап кылууга жардам берери айтылууда.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Россияда Куруучулардын улуттук бирикмеси курулуш тармагында иштеген мигранттардын реестрин түзүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу бирикменин жетекчиси Антон Глушков РИА Новости агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда Россияга келген куруучулар ден соолугу тууралуу маалым кат даярдап, орус тилинен экзамен тапшырып, ошондой эле жумушка орношуу үчүн документтерди тууралашы керек.

"Мындан ары аларды Россияга келе жатканда эле бирдиктүү реестрге катталууга милдеттендирүүнү сунуштап жатабыз. Бул нерсе мигранттарга жумушка оңой орношууга, айлык акысын убагында алып, жакшы шарттарды талап кылууга жардам берет. Мындан тышкары, салык жагынан ачык-айкындуулук пайда болмок", — деди Глушков.

Ошондой эле жетекчи бул тизме учурда кайсы куруучу иштеп, кайсынысынын колу бош экенин аныктап, тез аранын ичинде аны жаңы объектиге жайгаштырууга мүмкүнчүлүк түзөрүн кошумчалады.

Буга чейин Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков "ири пландарды ишке ашыруу үчүн мигранттар жетишсиз болуп жатканын, жумушчу күчтүн тартыштыгы өзгөчө курулуш тармагында байкалганын" билдирген.

Белгилер:
реестр, курулуш, мигранттар, Россия
Тема боюнча
Песков: ири пландарды ишке ашыруу үчүн Россияга мигранттар жетишпей жатат
Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев. Архивдик сүрөт

Министр: Кыргызстан Казакстанга берген электр кубатынан пайда көрөт

(жаңыланган 12:10 22.04.2021)
Казакстан электр энергиясынын бир киловатт-саатын 2,9 центтен сатып алууну сунуштаган, ал эми Кыргызстан 2,4 центке макул болгон. Бирок тараптар башка чечимге келишти.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан электр кубатын бири-бирине берүү боюнча макулдашкандыгын энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.

Аткаминер Казакстан электр энергиясынын бир киловатт-саатын 2,9 центтен сатып алууну сунуштаган, ал эми Кыргызстан 2,4 центке макул болгон. Бирок тараптар кийинчерээк товар алмашуу боюнча макулдашкан.

"Быйыл Казакстан биздин энергосистемага 900 миллион киловатт-саат берет. Ал эми коңшуларга Токтогул суу сактагычына эквиваленттик көлөмдө суу топтоп, камсыздап беребиз. Биз үч жылдын ичинде миллион киловатт-сааттык сууну кое берип, ошол эквивалентте кутулабыз. Бул электр кубатын иштеп чыгуу үчүн сууну түтүк аркылуу агызышыбыз керек. Товар алмашууну нөлдүк коюм менен жасоону чечтик", — деди министр.

Ал электр энергиясын коңшулардан Кыргызстанга алып келип же аларга жеткирүү чыгымын казак тарап өз мойнуна аларын кошумчалады.

"Кыргызстан транзиттин эсебинен пайда көрөт. Бул киловаттына 0,0000001 доллар болот", — деген министр.

Эске салсак, Токтогул суу сактагычындагы суу былтыркыга салыштырмалуу 3 миллиард куб метрге аз.

Белгилер:
алмашуу, сатуу, электр кубаты, Казакстан, Кыргызстан
Тема:
Жапаров электр кубатынын баасын көтөрүүнү сунуштады
Тема боюнча
Жапаров электр кубатынын тарифин эки эсеге көтөрүүнү сунуштоодо
Кадыр түн учурунда мусулмандар. Архив

Кадыр түн качан болору айтылды

(жаңыланган 16:56 22.04.2021)
Шарият боюнча бул түн миң айдан да артык деп эсептелет. Орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип келет.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Быйылкы Кадыр түн 9-майга караган түнү белгиленет. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Орозо быйыл 13-апрелге караган түнү башталды. Кадыр түн дайыма орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип келет.

Шарият боюнча бул түн миң айдан да артык деп эсептелет. Эгерде Кадыр түнү инсан эки ирет намаз окуса, 84 жыл бою ибадат кылганга барабар соопко ээ болот деп айтылат. 

Белгилер:
муфтият, орозо, Кадыр түн, Кыргызстан
Тема:
Орозо-2021
Тема боюнча
Касиеттүү түн интернет менен өтпөшү керек! Кадыр түнгө карата 7 "болбойт"