Кытайда 233 ак кууну ууландырды деп шектелип жети адам кармалды

© AFP / ANTHONY WALLACE Кол кишенчен адамдын архивдик сүрөтү
Кол кишенчен адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка шектүү делген адамдар тогуз күндөй изделип, акырында Пекиндин Цзилинь жана Хэбэй айылдарынан кармалган. Учурда иликтөө иштери уланууда.

БИШКЕК, 4-ноя.— Sputnik. Кытайдын полиция кызматкерлери Ички Монголия автономдуу районунда 233төн ашуун ак кууну ууландырган деп шектелген жети адамды кармады. Бул тууралуу РИА Новости Синьхуа агенттигине шилтеме кылып маалымдады.

Буга чейин аталган аймактагы көлдөрдүн биринен өлүп калган 233 ак куу табышкан. Өткөн жекшембиде малчылар суудан алып чыккан аккуулардын өлүктөрү Кытай интернет айдыңына тарап кеткен.

Эр-Рияд шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Сауд Аравияда канзаада жасаган кылмышы үчүн түрмөдө сабалды
Ички Монголиянын бийлиги иликтөө иштерин жүргүзүп баштап, полиция кызматкерлери ак кууну ууландыргандар боюнча маалымат бере тургандарга 14 миң 800 доллар төлөп берүүнү убадалаган. 

Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, кылмышка шектүү делген адамдар тогуз күндөй изделип, акырында Пекиндин Цзилинь жана Хэбэй айылдарынан кармалган. Учурда иликтөө иштери уланууда.

Маалыматтарга караганда куштардын өлүмүнө химиялык ууландыруу себеп болгон. Адистер ак кууларды текшере келгенде алардын канынан карбофуран деп аталган уулуу затты тапкан. Аны адатта айыл чарбасында мителерге, тагыраагы өсүмдүктөрдү зыянкеч курттардан коргоо үчүн пайдаланышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0