БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Грециянын полициясы Афиныда курула турган мечитке нааразы болуп чыккан 15 кишини кармап кетти. Бул туурасында РИА Новости Ассошиэйтед Пресс агенттигине шилтеме кылып кабарлады.
Нааразылык акциясы али курула элек, бирок, орду пландалган жерде мындан эки апта мурун башталып, бешинчи күндүн таңына чейин уланды. Ал эми бүгүн эртең менен полициянын тез арада аракетке келүүчү бөлүмүнүн кызматкерлери акциянын катышуучуларын кармап кеткен.Агенттиктин маалыматына караганда, кармалгандар прокуратуранын кеңсесине жеткирилип, эми аларга олуттуу күнөө тагыла тургандай жагдай түзүлгөн.
Быйылкы жылы август айында Грециянын парламенти Афины шаарында 950 миң евролук мечит куруу боюнча долбоорду жактырган. Ал эми гректердин "Алтын таң" деп аталган партиясы парламенттин бул чечимине нааразылыгын билдирип, акцияга чыккандарды колдоого алган.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Быйыл Нур-Султан шаарында 5G интернет түйүнү ишке кирет. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги премьер-министрдин расмий сайтына шилтеме кылып жазып чыкты.
Санариптик өнүгүү, инновация жана аэрокосмикалык өнөр жай министринин орун басары Асхат Оразбектин айтымында, бешинчи муундагы түйүнгө өтүүгө өлкө аймагындагы байланыш операторлору даяр.
"2022-жылдын аягына чейин 5G түйүнүн республикалык маанидеги башка шаарларга да киргизүүнү пландап жатабыз. Ал эми 2025-жылга чейин бардык облус борборлору камтылат. Биз тараптан мыйзам долбоору ишке кирет. Анын негизинде жыштыктар сынак же аукцион аркылуу бөлүштүрүлөт. Мунун аркасында байланыш операторлору атаандаштыктын негизинде жыштыктарды алып колдоно баштайт", — деди вице-министр.
Ошондой эле ал жеке тараптар жыштыкты сатып алып эки жылга чейин колдонбосо, мамлекет аны тартып ала тургандай ченемдер киргизиле тургандыгын кошумчалады.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Асман тиреген имараттарда жашагандар айлананын кооздугуна жакшы көз чаптыра алат, бирок ден соолукка кооптуулук жараларын медицина илимдеринин кандидаты, дарыгер-терапевт Алексей Хухрев Sputnik радиосуна берген маегинде билдирди.
Адис кеп үйдүн бийиктигинин өзүндө эмес, андагы шарттар тууралуу болуп жатканын айткан. Маселен, көп кабаттуу үйлөрдүн лифтиси иштебей калса жүрөк-кан тамыр жана башка оорулары бар адамдарда көйгөй болушу ыктымал.
"Жүрөктүн ишемиялык дарты, ашыкча салмак, таяныч-кыймыл аппаратынын оорулары, астмасы барлар тепкич менен узакка көтөрүлө албай кыйналат", — деген Хухрев.
Ошол эле учурда курч кармаган респиратордук инфекцияга кабылып же кулак тунуп жатса иштеген лифт менен жүрүү дагы оорчулукту жаратышы мүмкүн.
"30-кабат болжол менен 100-110 метрди түзөт. Ага лифт менен 10 секундада көтөрүлгөн адам ыңгайсыздыкты сезет", — деп эскерткен дарыгер.Бирок адис аллергия менен жабыркагандарга бийик кабатта жашоо бир жагынан пайдалуу экенин айткан. Себеби шамал күчтүү аллерген болуп саналган өсүмдүк чаңчаларын болжол менен 15-кабатка чейин эле көтөрө алат.
Онлайн катталууда бүтүрүүчү өзүнүн же болбосо ата-энесинин туруктуу номерин бериши керек. Анткени системага кирүү үчүн логин катары пайдаланылат. Бул тууралуу Чынара Батракеева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл ЖРТга каттоо www.testing.kg дарегиндеги борбордун сайтында жүргүзүлөт.
"Жалпы республикалык тестирлөөгө катталгандан кийин абитуриенттер телефон номерин алмаштырбай турушу зарыл. Себеби ЖРТга катталууда арыз ээси сайттагы жеке кабинетине кирүү үчүн өзүнүн телефон номерин көрсөтөт. Ал кирүү үчүн логин болот да, ага сыр сөз берилет. Кийин ушул эле логин келечекте ЖОЖдорго онлайн кабыл алуу үчүн колдонулат. Ошондуктан окууга тапшырып бүтмөйүн номер алмаштырбай туруңуздар", — деди Батракеева.
Адис негизги жана ар бир кошумча предмет үчүн каттоо акысы 370 сом экенин кошумчалады.