Samsung жарылышы мүмкүн делген кир жуучу машиналарын сатыктан алууда

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүФирменный магазин Samsung на Тверской улице в Москве
Фирменный магазин Samsung на Тверской улице в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда аталган компаниянын кир жуучу машиналары жарылган 730 учур катталган.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Түштүк Кореянын Samsung компаниясы 2,8 миллион кир жуучу машинасын жарылуу коркунучу бар деп АКШдан сатыктан алдырганы турат. Бул тууралуу РИА Новости АКШдагы товар коопсуздугун текшерүүчү комиссиянын башчысы Эллиот Кэйге шилтеме берип жазып чыкты.

Смартфон Galaxy Note 7 - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда Note 7 үлгүсүндөгү телефондорду учакка албоо сунушталды
Мурда CPSC Samsung компаниясынын кир жуучу машиналарын колдонуу коопттуу жана жарылып кетиши ыктымал экени эскертилген.

Комиссия мындай кооптуу кир жуучу машиналарды колдонгон учурда чоң кийимдерди жана шейшептерди аярлап жууй турган режимин пайдаланууну сунуштайт.

Учурда аталган компаниянын кир жуучу машиналары жарылган 730 учур катталган. 

Мурда бул компаниянын Note 7 үлгүсүндөгү смартфонун батарейкасына байланыштуу экспорттоого тыюу салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0