Дели шаарындагы 1700дөн ашык мектеп аба бузулгандыктан жабылды

© AFP / DOMINIQUE FAGETНью-Дели шаарынын жашоочулары, Индия
Нью-Дели шаарынын жашоочулары, Индия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер абанын бузулушуна 29-30-октябрда болгон Дивали майрамында жардырылган петардалар бирден бир себеп болгонун айтышууда.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Индиянын Дели шаарындагы 1700дөн ашык муниципалдык мектеп аба ырайы бузулгандыктан жабылганын жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берүү менен РИА Новости билдирди.

Тактап айтканда 1747 мектеп жабылган, анда 900 миңден ашык окуучу окуйт. Бул мектептер катаал аба ырайына карабай, сабактарды улантуу боюнча чечимдерди өз алдынча кабыл алып келген.

"Шаардын абасы катуу булгангандыктан ушундай чечим кабыл алынган. Ишемби күнү мектептерди жабууну туура көрдүк, себеби эртең менен абадагы зыяндуу нерселер көп болуп жатат", — деди Субхаш муниципалитетинин өкүлү.

Последствия сильной засухи в Камбодже - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: өзөктүк согуш суунун талаштыгынан улам чыгышы мүмкүн
Мектептер дүйшөмбүдөн тарта кайта ачылат. Ошол эле учурда мектеп жетекчилиги аба ырайын карап туруп өз алдынча чечимдерди да кабыл ала алышат. Айрым мектептерде ошондой эле эшикте кандайдыр бир сабактарды өктөрүүгө да тыюу салды.

Акыркы кездери Дели шаарынын абасы булганганы байкалган. Адистер анын бирден бир себеби 29-30-октябрда болгон Дивали майрамында жардырылган петардалар экенин айтышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0