Афганистанда куралчан адамдар австралиялык аялды уурдап кетти

© AFP / OMAR SOBHANIТеракт в центральной части Кабула
Теракт в центральной части Кабула - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кабулдагы аталган аймакта буга чейин да адам уурдаган окуялар болуп турган.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Куралданган белгисиз адамдар Афганистандын борбору Кабул шаарында австралиялык аялды уурдап кетти. Бул туурасында РИА Новости TOLO News телеканалына шилтеме кылып кабарлады. 

Афганистандын аскери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Афганистандын түндүгүндө аскердик тик учак кулады
Азырынча аялдын аты кабарлана элек. Аны карөзгөй адамдар калаадагы көпүрөнүн жанынан уурдап кеткен жерди коопсуздук күчтөрү курчоого алып, жолду тоскон.

Khaama агенттигинин маалыматына караганда, аялды уурдаган аймакта буга чейин да ушундай окуялар болуп турган.

Басылмалар австралиялык аял эл аралык уюмда иштегендигин жана Афганистандын жараны болгондугун жазып чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0