Губернатор Саакашвили: тажадым, башка жол менен күрөшөм

© Sputnik / Денис Петров / Медиабанкка өтүүГрузиянын мурдагы президенти, учурда Украинадагы Одесса облусунунун губернатору Михаил Саакашвилинин архивдик сүрөтү
Грузиянын мурдагы президенти, учурда Украинадагы Одесса облусунунун губернатору Михаил Саакашвилинин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал Украинанын азыркы президенти Одесса облусундагы эки бандиттик жана криминалдык кланды колдоп жатат деп билдирген.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Грузиянын мурдагы президенти, учурда Украинадагы Одесса облусунунун губернатору Михаил Саакашвили бул иштен тажагандыгын жана өлкөдө коррупция, бандиттикти калкалоо күч алып жаткандыгын жар салып, отставкага кетерин айтты. Бул туурасында РИА Новости кабарлады. 

"Мен тажадым. Бирок мени чарчады жана менден кутулабыз деп ойлошпосун. Күрөштүн жаңы этабын баштайм. Президент Одесса облусундагы эки бандиттик жана криминалдык кланды колдоп жатат", — деди Саакашвили журналисттерге.

Украинанын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Украина менен КРдин ТИМ башчылары "телефондогу сүйлөшүү" боюнча пикир алышты
Дүйшөмбү күнү Саакашвили оставкага кетерин билдирери менен, Одесса облусунун вице-губернатору Соломия Бобровская анын кызматын аткарууга даяр экендигин айтты. 

Кечээ Одессанын облустук администрациясында жабык жыйын өтүп, анда Бобровская Саакашвилинин командасында каларын айтканы менен облусту башкаруу ниетин жашырган эмес. 

Саакашвили Одессанын губернаторлугуна 2015-жылдын 30-май айында дайындалган. Украинанын президенти Порошенко аны облустун жетекчилигине коюп жатып, аймактагы коррупциянын тамырын кыркат деген ишенимде экенин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0