Мексикада футболчу кызыл карта берген калысты бир чаап өлтүрдү

© Sputnik / Алексей ФилипповФутбол. Лига Европы. Матч "Ливерпуль" - "Рубин"
Футбол. Лига Европы. Матч Ливерпуль - Рубин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта башкы калысты өлтүрө чапкан оюнчу качып жүрөт.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Мексиканын Тулансинго шаарында футбол сүйүүчүлөрү тарабынан түзүлгөн командалар арасында өткөн беттеште башкы калыс футболчунун колунан ажал таап, оюн трагедия менен аяктады. Бул тууралуу британиялык The Daily Mail басылмасы жазып чыкты. 

Ок атып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Футболчу аны оюндан чыгарган калысты атып салды
Маалыматка караганда, Рубен Ривера Васкес аттуу футболчуга орой оюн көрсөткөнү үчүн кызыл карта берилген. Мындай бурулушту күтпөгөн оюнчу калысты көздөй чуркап келип муштуму менен бир койгон. 59 жаштагы калыс ошол жерден жыгылып калган. Кийин анын дем алуусу начарлап каза болгон. 

Басылманын маалыматына караганда, Васкес окуя болгон жерден качып кетип ошол бойдон табыла элек. Бул трагедия өткөн жекшемби күнү Мексиканын Тулансинго шаарында болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0