Россиялык атка минер 12 жыл мурда аны тосуп алган ирандык кызды издеп жатат

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүВизит председателя Совета Федерации РФ В. Матвиенко в Японию
Визит председателя Совета Федерации РФ В. Матвиенко в Японию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Федерация Кеңешинин төрайымын кичинекей кыздын андан аркы келечеги кызыктырууда.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. РФтин Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко мындан 12 жыл мурда Иранга жасаган сапарынын учурунда аны тоскон кызды табууну көздөп жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ал кезде Матвиенко Петербургдун губернатору болчу. 

"Ирандын мамлекеттик телекомпаниясына маек берип жатып Валентина Матвиенко журналисттерге аны тосуп алган ошол кезде беш жаштагы кызды табууга жардам берүүсүн өтүндү. Аны Тегерандагы аба майданда 2004-жылы улуттук кийимчен кичинекей кыз тосуп алган экен", — деп айтты Федерация Кеңешинин маалымат кызматынын жетекчиси Наталья Фоменко.

Анын айтымында, Федерация Кеңешинин төрайымын кичинекей кыздын андан аркы келечеги кандай болгону кызыктырып жатат. 

"Тилекке каршы, ал кыздын аты да билбейм. Азыр жашоосу жакшы деп ишенем. Эгерде ал биздин өлкөгө келип калса, аны менен көрүшүүгө ынтызармын", — деген Матвиенко РИА Новости агенттигине. 

Ал кезде кыз беш жашар экенин эске алсак, азыр 17 жашта болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0