ЖМК: Путин менен Трамптын телефон аркылуу сүйлөшүүсү Европанын тынчын алды

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүРоссиянын жана АКШнын желектери. Архив
Россиянын жана АКШнын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Телефондук сүйлөшүү учурунда Трамп Россиянын президенти Путин менен эл аралык маселелер боюнча тыгыз байланыша турганын билдирди.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын шайлоодо жеңишке жеткен президенти Дональд Трамптын телефондон сүйлөшүүсү орус-америка кызматташтыштыгынын "жаңы эрасына" кадам таштап, Европа биримдигине мүчө мамлекеттердин үшүн алды деп жазга Daily Express басылмасынын макаласына шилтеме берүү менен РИА Новости билдирди.

Встреча действующего президента США Барака Обамы с Дональдом Трампом - Sputnik Кыргызстан
Обама менен Трамп эмне тууралуу сүйлөштү
Трамп буга чейин атаандашып келген эки ири держава конструктивдүү кызматташуу жолуна түшүшүн өзү да көзөмөлдөй турганын айтты. Телефондук сүйлөшүү учурунда ал Россиянын президенти Путин менен эл аралык маселелерде тыгыз байланыша турганын билдирди. Трамп бул аракеттери менен Москва менен Вашингтондун мамилесин жакшыртууну көздөп жатканын аталган басылма белгиледи.

Мындай алака Европаны да тынчсыздандырбай койбойт, себеби Россия менен АКШнын жаңы мамилеси Европаны артка жылдырып, Россияга каршы буга чейин жасалып келген аракети текке кетиши мүмкүндүгүн материалдын авторлору баса белгилешет.

Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер Трамптын АКШнын президенти болуп шайланышы "глобалдык коопсуздукка шек келтирет" деп билдирген. Мындан тышкары, авторлор Евробиримдик Трамп президенттикке расмий киришкенден кийин Крым боюнча көз карашын өзгөртсө, Брюссель менен Вашингтондун ортосунда пикир келишпестиктер чыгышы ыктымалдыгына токтолушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0