Түркиянын полиция кызматкери. Архив

Түрк полициясы Ван шаарынын мэрин кармады

93
(жаңыланган 15:35 17.11.2016)
Шаар мэри Күрдстан жумушчулар партиясы менен байланышканы үчүн түрмөгө отуруп чыккан

БИШКЕК, 17-ноя.— Sputnik. Түрк полициясы Ван шаарынын мэри Бекир Кайяны кармады. Бул тууралуу РИА Новости DHA агенттигине шилтеме кылып жазды.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын архивидк сүрөтү
© Фото / Пресс-служба президента Украины
Учурда мэриянын имаратында иликтөө иштери жүрүүдө. Аймактык демократтар партиясынын мүчөсү Бекир Кайя өлкөдө тыюу салынган Күрдстан жумушчулар партиясына байланышы бар деп күнөөлөнүүдө. Мурда ал аталган партия менен байланышканы үчүн түрмөгө отуруп чыккан.

Түрк бийлиги буга чейин Күрдстан жумушчулар партиясына тиешеси бар делген 28 администрация башчыларын кызматтан кетирген.

Белгилей кетсек, Күрдстандын жумушчулар партиясынын мүчөлөрү 16-июлда Түркияда төңкөрүш жасоого аракет кылган. Мындан улам түрк бийлиги аталган партияга тиешеси бар адамдарга чара колдонуу чечимин чыгарган.

93
Белгилер:
мамлекеттик төңкөрүш, мэр, Түркия
Тема боюнча
Түркия журналисттерди камаганы үчүн жооп бериши мүмкүн
Түркияда "гүленчи" делген дагы 10 миң кызматкер жумуштан айдалды