Мексика: Путинге күрмө тапшырам деген перулук аялды полиция кармап кетти

© Пресс-служба Президента РФ / Медиабанкка өтүүВизит президента РФ В. Путина в Республику Индию (Гоа). День второй
Визит президента РФ В. Путина в Республику Индию (Гоа). День второй - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аял Россия президентине жакындап барып, ага камдаган белегин тапшырууга аракеттенген, бирок, анын тилегин коопсуздук кызматы таш каптырган.

БИШКЕК, 20-ноя. – Sputnik. Кийим чыгаруу менен алектенген перулук аял Хулиа Кастро өлкөсүндө болгон саммитке келген Россия президенти Владимир Путинге токулган күрмө тапшырам деп аракет кылып, бирок, аны күзөт кызматы кармап кетти. Бул туурасында РИА Новости маалымдады. 

Путин Перуда өтүп жаткан Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыктын саммитине катышууда. 

Аял Россия президентине жакындап барып, ага камдаган белегин тапшырууга аракеттенген, бирок, анын тилегин коопсуздук кызматы таш каптырган. Ал полициянын комиссариатына жеткирилип, түшүнүк кат жазган. 

"Ал жерде башка мамлекеттердин да президенттери келгендиктен коопсуздукту сактоо максатында көзөмөл күчөп, абал башкача болду окшойт. Бирок, менин токуган күрмөм баары бир Путинге жетет деп ишенем, ал балким, сиздер мага жардам бересиздер", — деп айткан ал RPP радиосунун эфиринде сүйлөп жатып. 

Перулук бул аял аталган саммиттин орто жана чакан ишкердик боюнча отурумуна катышкандыгын билдирген. Кастронун айтымында, Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукербергге да күрмө берип жиберүү үчүн анын өкүлүнө жолуккандыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0