Обама президенттик мөөнөтү бүтөрү менен жубайын эс алууга алып кетерин айтты

© REUTERS / Yuri GripasПразднование Пасхи президентом Барак Обама
Празднование Пасхи президентом Барак Обама - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Обама тактысын тапшырары менен үй-бүлөлүк эс алууга көңүл бөлгөнү турат.

БИШКЕК, 21-ноя. – Sputnik. Америка лидери Барак Обама дүйшөмбү күнү президенттик мөөнөтү бүтөрү менен, январь айында жубайын эс алууга алып кетерин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

"Жакынкы бир нече айдагы пландарым — иштеримди бүтүрүп, андан соң Мишелди эс алдырып, кыздарым менен чогуу-чаран болуу", — деп айтты Обама Перудагы Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыктын саммитинде. Америкалык телеканалдар анын журналисттер менен болгон бул жолугушуусун түз алып берди. 

АКШда президенттик шайлоо 8-ноябрда өтүп, анда Республикалык партиянын талапкери Дональд Трамп жеңишке жеткен. Трамп жетектеген АКШнын жаңы администрациясы 2017-жылдын 20-январында инаугурациядан кийин гана ишке киришет.

Жаңылыктар түрмөгү
0