Кабулда бир күндө эки ирет жарылуу болуп, бир киши мерт кетти

© REUTERS / MOHAMMAD ISMAILКабулдагы жардыруу болгон жердеги полиция кызматкери.
Кабулдагы жардыруу болгон жердеги полиция кызматкери. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгач мина коюлган автоунаа жарылса, экинчи терактыны жан кечти жасаган.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Афганистандын борбору Кабул шаарында бир күндө эки ирет жарылуу болду. Бул туурасында РИА Новости Khaama Press агенттигине шилтеме кылып кабарлады.

Операция турецкой армии на севере Сирии - Sputnik Кыргызстан
Сириянын түндүгүндө түркиялык бир аскер каза таап, бешөө жаракат алды
Агенттиктин маалыматына караганда, окуя Дар уль-Аман районунда болгон. Күбөлөрдүн айтымында, жарылуунун кесепетинен бир нече адам жарадар болуп, ооруканага түштү. Алардын маалыматына таянсак, жан кечти мечиттин ичинде өзүн жардырып жиберген.

Буга чейин, бүгүн эртең менен Кабул шаарынын Баграми районунда автоунаага жабыштырылган жардыргыч иштеп, бир адам мерт кеткен. Андан сырткары дагы бир киши жаракат алган.

Бул окуяны жасагандыгын азырынча Афганистандагы бир дагы радикалдык жана террордук топ мойнуна ала элек.

Афганистанда акыркы мезгилде кырдаал курчуп кеткени байкалат. Элет жерин басып алган "Талибан" радикалдык кыймылы ири шаарларга чабуул кое баштады. Андан сырткары, аймакта "Ислам мамлекети" террордук тобунун таасири да күчөп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0