Түркия: жардыруудан эки адам каза болуп, терактыга аял шектелүүдө

© REUTERS / STRINGERВзрыв у здания администрации губернатора провинции Адана на юге Турции
Взрыв у здания администрации губернатора провинции Адана на юге Турции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Түркияда тыюу салынган Күрдстан жумушчулар партиясынын мүчөлөрү бир канча жолу унаалардын жардырып келишкен.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Түркиянын түштүгүндө жайгашкан Адана облусунда губернатордун адмистрациясынын жанында болгон терактыдан эки адам каза болуп, 16 адам жарадар болду. Бул тууралуу РИА Новости NTV телеканалына шилтеме берип маалымдады.

"Жардыруудан эки адам каза болуп, 16 киши жаракат алды", — деди Адана облусунун губернатору Махмут Демирташ.

Бейшемби күнү эртең мененки саат 08:05те губернатордун адмистрациясынын жанында жардыруу катталган. 

Түрк ЖМК өкүлдөрү жардырууга аял шектелип жатканын билдиришти.

"Бүгүн эртең менен губернатор адмистрациясынын жанында унаа жардырылды. Терактыны жасоого аракет кылган деп аял киши шектелүүдө", — деп маалымдайт NTV телеканалы.

Буга чейин Түркияда тыюу салынган Күрдстан жумушчулар партиясынын мүчөлөрү бир канча жолу унаалардын жардырып келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0