Кытайдагы электростанция кыйрап, 74 адам курман болду

© REUTERS / Stringer Обрушение на строящейся электростанции в Китае
Обрушение на строящейся электростанции в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыкка кабылгандарды издөө-куткаруу иштерине 400 адам тартылган.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кытайда курулуп жаткан электростанциянын кыйрап 74 адамдын өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу РИА Новости Синьхуа агенттигине шилтеме кылып билдирди.

Статуя богини правосудия Фемиды в здании суда во Франции - Sputnik Кыргызстан
Кытайда 4 млн доллар пара алган аткаминердин соту болуп жатат
Маалыматка караганда, бейшембиде жергиликтүү убакыт боюнча саат 7:00до Цзянси провинциясынын Фэнчен шаар округунда курулуп жаткан электростанциянын муздатуучу мунарасы кыйраган. 

Буга чейин каргашалуу окуяда 67 адам курман болгондугу айтылган. Куткаруучулардын маалыматына караганда дагы эки адам жаракат алган. 68 адамдын ким экендиги аныкталды.

Издөө-куткаруу иштерине 400 адам тартылып, алар алты топко бөлүнүп, көтөргүч жети кран менен издөө иштерин баштаган. 

China News Service агенттиги урандынын астында калган адамдарды тогуз ит жана атайын жабдыктар менен издеп жаткандыктарын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0