Кубада Фидель Кастронун каза болгондугуна байланыштуу аза күтүү жарыяланды

© REUTERS / MARIANA BAZOКубанын мурдагы лидери Фидель Кастронун архивдик сүрөтү
Кубанын мурдагы лидери Фидель Кастронун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фидель Кастро 90 жашында жума күнү жергиликтүү убакыт менен 22.29да дүйнө салган.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Куба бийлиги мурдагы лидери Фидель Кастронун каза болгондугуна байланыштуу тогуз күнгө аза күтүү жарыялады. Бул туурасында РИА Новости Франс Пресс агенттигине шилтеме берип кабарлады. 

Рауль Кастро Барак Обамага далысын таптатпай, колун булгалатып койду
Маалыматта, аза күтүү ишемби күнү башталып, 4-декабрда аяктары айтылат. Кубанын лидери Фидель Кастро 90 жашында жума күнү жергиликтүү убакыт менен 22.29да дүйнө салган. Бул кабарды элге анын ордунда мамлекеттин башында турган иниси Рауль Кастро мамлекеттик телеканал аркылуу кабарлаган. 

Фидель Кастро — кубалык революционер, мамлектеттик жана саясий ишмер. Ал 1926-жылы туулуп, 1976-жылдан тарта 30 жыл бою Кубанын мамлекеттик жана министрлер кеңешинин төрагасы кызматын аткарган. Мындан сырткары ал өлкөнүн Коргонуу боюнча кеңеши менен Революциялык куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0