Фидель Кастрону акыркы сапарга узатуу зыйнаты 4-декабрга белгиленди

© Sputnik / Владимир Родионов / Медиабанкка өтүүКубанын мурдагы лидери Фидель Кастронун архивдик сүрөтү
Кубанын мурдагы лидери Фидель Кастронун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кубанын мурдагы лидери Фидель Кастро 90 жаш курагында көз жумган.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Фидель Кастрону акыркы сапарга узатуу зыйнаты 4-декабрь күнү өтөт. Бул тууралуу РИА Новости Франс Пресс басылмасына шилтеме берүү менен кабарлады. 

Эске сала кетсек, Кубанын мурдагы лидери Фидель Кастро 26-ноябрда 90 жаш курагында каза болду

"Фидель Кастрону акыркы сапарга узатуу зыйнаты 4-декбарь күнү Сантьяго-де-Кубада болот. 1-декабрдан баштап 4 күн коштошуу иш-чаралары өткөрүлөт", — деп жазылат маалыматта. 

Фидель Кастро — 1926-жылдын 13-августунда туулган. Ал 30 жылдан ашуун мамлекеттик кызматты аркалап, Кубанын өнүгүүсүнө өзүнүн чоң салым кошкон. 

Ал 2006-жылы ден соолугунун начарлашынан улам, өлкө башчылык кызматын иниси Рауль Кастрого өткөрүп берген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0