Канадалы алып буручу Гиннела Масса, Твиттер баракчасынан тартылган сүрөт

Канада телеканалында алып баруучу биринчи ирет экранга хиджаб менен чыкты

189
29 жаштагы Масса Канаданын Онтарио аймагындагы CityNews каналында алгачкы ирет хиджапчан эфир алып барган.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Журналист Гиннела Масса Канададагы экранга хиджаб кийип чыккан алгачкы алып баруучу болду. Бул тууралуу РИА Новости Ассошиэйтед Пресс агенттигине шилтеме берип маалымдады.

29 жаштагы Масса Канаданын Онтарио аймагындагы CityNews жаңылыктар берилүүчү телеканалга хиджабчан чыккан. Эфирге чыккан соң алып баруучу Тwitter баракчасына: "Канадада буга чейин бир да алып баруучу хиджабчан экранга чыкпаса керек", — деп жазып койгон.

​Масса экранга чыккан көрүнүшкө жакшы пикирлер айтылып жатканын баса белгилеп, жаман ой-пикирлер болгонун да жашырган эмес.

Ал АКШда кадр сыртындагы көп эле мусулман журналисттерди билээрин айткан. Бирок алар ар түрдүү тоскоолдуктар болот го деп хиджап кийишпей жүргөнүнө нааразы.

"Бул кейиштүү көрүнүш. Коомчулук кандай кабыл алат деп бирөөнүн көз карашы менен жашоого болбойт", — деп жазган Масса.

Канада бийлиги ушул жылдын август айынан бери аял полиция кызматкерлерине хиджаб кийүүгө уруксат берген. Бирок, полиция жетекчилиги буга каршы чыгып тез чечилген баш кийим кийүүгө өткөргөн. 

189
Белгилер:
телеберүү, хиджаб, Канада
Тема боюнча
РФтин футболчу кыздары Иран командасы менен хиджап кийип ойношту
Хиджап кийген кыргыз чүрөгү тууралуу The Daily Mail басылмасы да жазды