Филиппиндердин президентинин жан сакчылары жардыруудан жаракат алды

© AP Photo / Bullit MarquezФилиппиндердин президентти Родриго Дутертенин архивдик сүрөтү
Филиппиндердин президентти Родриго Дутертенин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кол салууну жергиликтүү "Мауте" аталышындагы террордук тобу уюштурган деп айыпталууда.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Филиппиндердин президентти Родриго Дутертенин жан сакчыларына кол салуу болуп, жардыруу жасалды. Окуя ал өлкөнүн түштүгүнө иш сапары менен бараар алдында Марави шаарында болгон. Бул жөнүндө РИА Новости Франс Пресске шилтеме жасап маалымдайт. 

Беспрецедентная кампания по борьбе с наркотиками на Филиппинах - Sputnik Кыргызстан
Филиппин полициясы баңгизатка каршы рейд учурунда шаар мэрин жок кылды
Кол салуу Дутерте келе турган аймакта болгон. Ал жакта алдын ала барып текшерип жүргөн жети жан сакчысы менен эки жоокер жаракат алган. Анда атайын орнотулган жарылуучу жабдуу иштеп кеткен. Бирок мындай окуяга карабай Дутерте бул иш сапарын токтотпой тургандыгын Филиппиндердин түндүк аскер лагеринде сүйлөп жатып билдирди. 

Окуядан кийин Филиппиндин Куралдуу күчтөрүрүнүн өкүлү Реституто Падилла бул аракеттерди жергиликтүү "Мауте" аталышындагы террордук тобу уюштурган деп айыптап чыкты. Анткени аталган топ өлкөнүн түштүгүндөгү Минданао аралын байырлап келет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0