Гавана шаарына Фидель Кастрону эскерүүгө 1 миллиондой адам келди

© REUTERS / CARLOS GARCIA RAWLINSФидель Кастрону эскерүү зыйнатына келген Гавананын жашоочулары
Фидель Кастрону эскерүү зыйнатына келген Гавананын жашоочулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коштошуу зыйнатына Латын Америка менен дүйнөнүн дагы башка мамлекеттеринен келген саясатчылар катышкан.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Фидель Кастрону эскерүү зыйнатына 1 миллионго жакын адам келди. Ал Гавана шаарында өтүп, адамдардын узакка созулган кезекке туруусу менен коштолду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. 

Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Фидель Кастронун каза болушунан улам иниси Рауль Кастрого көңүл айтты
Куба революциясынын лидери Фидель Кастрону эскерүү иш-чарасына Латын Америка менен дүйнөнүн дагы башка мамлекеттеринен келген саясатчылар катышкан. Ал эми россиялык делегацияны мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин жетектеп барган. 

Аза күтүү иш-чарасында 18 адам сөз сүйлөп, Кубанын лидери Рауль Кастро жыйынтыктаган. Ал өз сөзүндө кубалыктар жеңиш үчүн күрөшүүнү токтотпой тургандыгын белгилеген. 

Муркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 4-декабрда болот.

Эске сала кетсек, кубалык революционер 90 жашында дүйнө салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0