БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бүгүн Барселонанын "Камп Ноу" стадионунда футбол күйөрмандары эңсеп күткөн беттешүү болот. "Эль Классико" деп аталган бул таймашта Испания биринчилигинин эки дөөсү — "Барселона" менен "Реал Мадрид" оюн талаасына чыгат.
Ал арада "Эль Классико" деп аталган күрд тасмасы Ирактын атынан "Чет тилиндеги мыкты тасма" номинациясы боюнча "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлүүдө. Мында тасманын башкы каармандары эки команданын беттешине күбө болуп, Криштиану Роналду менен кезигүү үчүн кандай татаал жолду басып өтөрү баяндалат.
Hollywood Reporter басылмасынын жазганына караганда Халкавт Мустаф аттуу режиссердун бул тасмасы Америка киноакадемиясынын узун тизмесине кирип, 84 тасма менен ат салышат.
Алардын арасында кыргыз режиссерлору Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун "Ата керээзи" тасмасы дагы бар.
Ошондой эле Роналду бир туугандардын биринин сүйгөн кызынын атасынан кыз-жигиттин баш кошуусуна макулдугун алып берет деп ишенишет.
Жакында эле "Эль Класико" тасмасы Азия тасмаларынын бүткүл дүйнөлүк экинчи фестивалынын (Asian World Film Festival) баш байгесин жана Норвегиядагы эл аралык кинофестивалдын "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү" наамын жеңип алды.