Физиктер эмне үчүн суу электр тогун өткөрө тургандыгын аныктап чыгышты

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүү20-й Международный форум "Технологии безопасности 2015"
20-й Международный форум Технологии безопасности 2015 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимий маселеге Йель университетинин окумуштуулары жооп табышты.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Окумуштуулар биринчи жолу суунун молекулалары кантип бири-бирине протонтондорду өткөзөрүн аныктап чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости Science журналына шилтеме жасап маалымдайт. 

Уй музоосу менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Кытайда биринчи ирет генетикалык модификацияланган уй музоолуу болду
Эки жүз жылдан бери окумуштуулар суу эмне үчүн электр тогун өткөрөт деген маселенин тегерегинде талашып-тартышып келген. Бул илимий маселеге АКШнын Йель университетинин окумуштуулары жооп табышты. 

Аталган жогорку окуу жайдын окумуштуусу Марк Жонсондун айтымында, аталган процессти буга чейин изилдөө кыйын болгон. Анткени изилдеген объект кичинекей жана бул кубулуш өтө тездикте өтүп, аны байкоо кыйынга туруп келген. 

Алар кубулуштарды байкоо үчүн инфрокызыл лазердин жардамы менен молекулалардын түзүлүшүнүн өзгөрүшүн көзөмөлдөшкөн. Анда эркин жүргөн иондор сууга биригип молекулалар бири-бири менен байланышкан. 

Окумуштуулардын көзөмөлдөөсүнүн жыйынтыгына ылайык, сууда ар бир малекула эмес, төрт молекуладан турган топтор бири-бири менен байланышат. Мунун аркасында эркин жүргөн иондор молекулалар аркылуу өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0