Британиянын премьери маалыматты сыртка чыгарган министрлерди кызматтан алат

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүУлуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэйдин архивдик сүрөтү
Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэйдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлер жана аткаминерлерге атайын мобилдик телефондор берилип, сүйлөшкөн ар бир сөздөрү коопсуздук кызматы тарабынан текшерилип турат.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй жашыруун маалыматты сыртка чыгарган министр, чиновниктерди кызматтан кетирүүнү буйруду. Бул тууралуу Daily Mail агенттигине таянып РИА Новости билдирди. 

"Өкмөт башчы сыртка маалымат тараган учурларга өзгөчө маани берип, коопсуздук чараларын көрүү тапшырмаларын берген. Ал бул жумуш тез аранын ичинде жана жакшы жыйынтык менен бүтүшүн талап кылган ", — деп жазылат маалыматта.

Билдирүүдө жазылгандай министрлер жана атка минерлерге өкмөт тарабынан атайын мобилдик телефондор берилет. Маалыматтардын тышкы чыгып кетпешин Британиянын MI5 чалгындоо кызматы жүргүзүшү мүмкүн. Алар уюлдук телефондорду жана электрондук почталарды көзөмөлдөп, шектенген маалыматтары боюнча суракка алуу укугуна ээ болушу ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0