Жаңы Зеландиянын премьер-министри аялынын өтүнүчү менен кызматтан кетти

© AFP / DAVID ROWLANDПремьер-министр Новой Зеландии Джон Кей
Премьер-министр Новой Зеландии Джон Кей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы өкмөт башчы 12-декабрда тандалат.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жон Кей аялынын өтүнүчү менен кызматтан кетип жаткандыгын билдирди. Бул тууралуу New Zealand Herald газетасына шилтеме кылып РИА Новости маалымдады.

"Бул өтө оор чечим болду. Мындан ары эмне кыларым азырынча белгисиз", — деди Кей дүйшөмбү күнү маалымат жыйында.

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэйдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Британиянын премьери маалыматты сыртка чыгарган министрлерди кызматтан алат
Маалыматка ылайык, премьердин кызматтан кетүүсүнө аялы себеп болгон.

Премьер-министрликке парламенттин мүчөсү Билл Инглиш келиши күтүлүүдө. Чечим 12-декабрда Улуттук партиянын жыйынында кабыл алынат. Кей партиянын бардык чечимин колдой турганын, бирок өзү Инглиштин талапкерлигин жактай тургандыгын айтты. 

Кей премьер-министрлик кызматын 2008-жылдан бери ээлеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0