FIFA: 2016-жылдагы эң кооз голго талапкерлердин кимиси мыкты?

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүДарбазадагы футбол тобу. Архив
Дарбазадагы футбол тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ференц Пушкаштын атындагы сыйлык эң кооз гол үчүн берилет. Анын ээси ким болорун күйөрмандар 2017-жылдын 9-январына чейин добуш берүү менен аныкташат.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Эл аралык футбол федерация (FIFA) өткөн дем алыш күнү эң кооз голго талапкер болгон үч оюнчунун атын атады.

Алардын катарында бразилиялык "Коринтианс" клубунун жарым коргоочусу Марлоне, Венесуэланын кыздар курама командасынын оюнчусу Данюшка Родригес жана Малайзиянын "Пенанг" клубунун чабуулчусу Мохд Фаиз Субри бар.

Марлоне секирип тээп гол киргизени менен айырмаланса, Родригес алдындагы бир канча коргоочуну алдап барып каршылашынын дарбазасына гол киргизген. Ал эми Субри алыстан туруп тээп киргизген голу менен өзгөчөлөнгөн.

Ференц Пушкаштын атындагы сыйлык эң кооз гол үчүн берилет. Анын ээси ким болорун күйөрмандар 2017-жылдын 9-январына чейин добуш берүү менен аныкташат.

Жаңылыктар түрмөгү
0