Жер жаңгак. Архив

Илимпоздор: жаңгак рак оорусунун алдын алат

650
Арахис жүрөккө жана муунга пайдасын тийгизип, инфаракт, инсульт жана бөйрөк ооруларынан алдын-алат.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Жаңгакты тез-тезден жеп туруу коркунучтуу оорулардан оолак болууга жардам берет. Бул тууралуу илимпоздор BMC Medicine журналына жазганын РИА Новости билдирди.

"Жаңгакта клетчатканын көптөгөн түрү бар. Алар адамдын ден-соолугуна — жүрөккө жана муундарга жакшы таасир берет. Айрым грек, пекан жаңгактары стресс менен күрөшө алган өзүнө көптөгөн антиоксиданттарды камтып, рак илдетинин алдын алат. Мындан сырткары, жаңгак семиз адамдардын арыктоосуна жардам берет ", — деп жазылат маалыматта. 

Илимпоздор кургак жемиштерге атайын тажрыйба жүргүзүп көрүшүп, жаңгактар адамдарды ар түрдүү коркунучтуу оорудан оолак кыларын тастыкташкан. Алсак, жер жаңгак жүрөккө жана муунга пайдасын тийгизип, инфаркт, инсульт жана бөйрөк ооруларынын алдын алат. Ал эми грек жаңгактары рак ооруларын болтурбоого жардам берет.

650
Белгилер:
илимпоз, жаңгак, ден соолук, оору
Тема боюнча
Илимпоздор карыганда акылдан тайбаш үчүн эмне кылуу керектигин айтты
Окумуштуулар: былтыр рактан дүйнө боюнча 8,7 млн. адам көз жумган
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов. Архив

Акжол, Мээрим, Үзүр. Кыргызстандык балбандардын алгачкы атаандаштары аныкталды

192
(жаңыланган 13:04 01.08.2021)
Бүгүн кыргызстандык балбандар чүчү кулак кармашкан. Алар эртең, 2-августта, саат 08:00дө килемге чыгат.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Токиодогу Олимпиада оюндарында күрөш боюнча 2-августта килемге чыга турган кыргыз балбандарынын алгачкы атаандаштары аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынын маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн балбандар чүчү кулак кармашкан. Алар эртең, 2-августта, саат 08:00дө килемге чыгат.

Грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмак категориясы боюнча катышып жаткан Акжол Махмудов Тунистин балбаны Ламджед Маафи менен кармашат.

68 килограмм салмак категориясы боюнча Мээрим Жуманазарова болгариялык Мими Христова менен күрөшөт. Анын атаандашы 28 жашта, 2020-жылы Европанын чемпиону болгон. 2016-жылы өткөн Олимпиаданын катышуучусу.

97 килограмм салмак категориясы боюнча Үзүр Жузупбеков армениялык Артур Алексанян менен беттешет. Ал дүйнөнүн үч жолку чемпиону, 2016-жылкы Олимпиаданын чемпиону.

192
Белгилер:
Олимпиада-2020, күрөш, балбан, чучу кулак
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Бекдөөлөт Расулбеков Олимпиадада 6-орунду ээледи. Видео
Шашып кетти. Жоламан Шаршенбеков жарым финалга чыга албай калды
Көчөдө бараткан адам. Архив

Эксперт: COVID бир нече жылдан кийин кадимки сасык тумоодой болуп калышы мүмкүн

22
(жаңыланган 13:31 01.08.2021)
Адистин айтымында, дүйнөдө беш же 10 жылдан кийин калктын 100 пайызы, балким 99 пайызында COVID-19га антителасы пайда болот. Ошентсе да алар коронавирустун жеңил түрү менен ооруй бериши мүмкүн.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Коронавирус бир нече жылдан кийин кадимки сасык тумоо сыяктуу болуп калышы ыктымал. Ал тургай ага антителасы барлар да ооруп, эл дартты жеңил формада көтөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу антисептиктин формуласын ойлоп тапкан швейцариялык адис Дидье Питте РИА Новости агенттигиндеги маегинде айткан.

Ал дүйнөдө пандемияга алып келген коронавирустун бир нече түрү бар экенин айтып, бирок адамдар жуктуруп жаткан түрүнө иммунитет бала кезден эле иштелип чыгарын белгилеген.

"Биз бул вирустарды билип, иммунитет иштелип чыккан күндө деле убакыт өткөн сайын ал жеңил сасык тумоо сыяктуу болуп калат. Беш же 10 жылдан кийин калктын 100 пайызы, балким 99 пайызында COVID-19га антителасы пайда болот. Бирок анын жеңил түрү менен ооруй берет. Ал сасык тумоодой эле болуп калат", — деди ал.

Питте дүйнөдө коронавируска каршы вакцина иштелип чыкпаганда жамааттык иммунитеттин пайда болуусу үчүн 6дан 10го чейин коронавирус толкуну болушу керек эле деген ойду кошумчалаган. Ал калк канчалык көп эмделсе, дүйнө ошончо эрте кадимки жашоого кайтарын эскертип, балдарды да эмдөө керектигине токтолгон.

22
Белгилер:
коронавирус, сасык тумоо, мутация, эмдөө
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Дарыгер коронавирустан кийин кимдерде тромбоз пайда болорун айтты
Медицинский работник готовится ввести пациенту вакцину против коронавирусной болезни (COVID-19) в Тель-Авиве, Израиль. 21 июня 2021 года

Кыргызстанда бир суткада 17 миңден ашык адам вакцина алды

0
Жалпысынан өлкөдө 450 398 адам коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алса, 116 625и экинчи дозасын сайдырганы маалым болду.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстанда бир суткада 17 194 адам эмделди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Билдирмеге караганда, кечээтен бери 16 722 киши коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алса, 472си экинчи дозасы менен эмделген.

Жалпысынан Кыргызстанда 450 398 адам коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алса, 116 625и экинчи дозасын сайдырганы айтылды.

Белгилей кетсек, өлкөгө AstraZeneca компаниясынын коронавируска каршы вакцинасынын 226 миң дозасы жеткирилген.

Андан мурда, тагыраагы, 11-июлда, Кыргызстанга Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы алып келинип, өлкөдө калкты массалык түрдө эмдөө башталган.

0
Белгилер:
Кыргызстан, вакцина, эмдөө, коронавирус, иммунитет
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Үймө-үй кыдырып эмдөөдө вакцина бузулбайбы? Адистин жообу
Мэрия: 10 киши чогулса мобилдик топ барып вакцина сайып берет