Түштүк Кореянын президенти апрелде президенттиктен кетүүгө даяр

© REUTERS / Kim Hong-JiМасштабная акция за отставку президента страны Пак Кын Хе в Сеуле
Масштабная акция за отставку президента страны Пак Кын Хе в Сеуле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президентти кетириш үчүн 300 депутаттын ичинен 200ү "макулмун" деген добушун бериши керек.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе оппозициянын талаптарынан улам 2017-жылдын апрелинде президенттиктен мөөнөтүнөн мурда кетүүгө даяр экендигин парламентте оппозициялык партиянын өкүлү айтты. Бул туурасында РИА Новости кабарлады. 

TBS телекомпаниясы бул сунушту башкаруучу партия президенттин импичменти боюнча альтерантивалуу жол катары сунуштап келгендигин билдирди. Анткен менен президенттин тагдырын чече турган бул сунуш оппозициялык партия менен коомчулукту канаттандырбашы мүмкүн деп белгилеген телеканал. 

Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хенин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Түштүк Корея президенттин жардамчылары үчүн виагра сатып алганын тастыктады
Жекшемби күнү парламенттеги башкы фракция негизги партия менен оппозициялык саясий биримдиктин ортосундагы макулдашуу болсо, аларга импичментти колдоого даяр экендигин айткан. Бул сунуш бүгүн да айтылды. 

Оппозициядагы партиялар импичмент маселесин 9-декабрда добушка коюуга ниеттенип жатат. Президентти кетириш үчүн 300 депутаттын ичинен 200ү "макулмун" деген добушун бериши керек. Оппозициядагылар парламентте 172 добушка ээ, ал эми импичментке макул болушу үчүн дагы 28и зарыл. 

Президенттин айланасындагы саясий чатак президент өзүнүн жакын курбусу Цой Сун Силге өзү сүйлөй турган мамлекеттик маанидеги сөздөрдү расмий окула электе тааныштырып койгондугун мойнуна алгандан кийин жаралган. Мындан сырткары, Цой Сун Силь бизнес-корпорациялардан чогулган 70 миллион долларды чет өлкөдөн үй сатып алууга жана кызынын өлкөдөгү эң атактуу делген жогорку окуу жайда билим алуусуна төлөгөн деп айтылып келет.

Цойго президент өзү анын коррупцияга аралашканы туурасында шек санай баштагандан тарта прокуратура расмий түрдө 20-ноябрда күнөө койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0