НАСА Антарктидада жүз километрлик жараканы тапты

© NASA / John SonntagАнтарктиданын мөңгүлөрүнүн биринен табылган узундугу 112 чакырымга жеткен ири жарака
Антарктиданын мөңгүлөрүнүн биринен табылган узундугу 112 чакырымга жеткен ири жарака - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ларсен С мөңгүсү Антарктиданын чыгыш тарабында жайгашып 1995-жылдан бери акырындык менен жок боло баштаган.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. НАСА адистери Антарктиданын мөңгүлөрүнүн биринен узундугу 112 чакырымга жеткен ири жараканы табышкан. Анын пайда болушу ири муздардын ээрий башташынан кабар берет. Бул тууралуу РИА Новости  маалымдады.

Океан, климат изилдөөчү жана башка окумуштуулар климаттын өзгөрүүсү Грендландия жана Түндүк уюлдагы муздардын ээрий башташына таасирин тийгизет деп мурда эле божомолдой башташкан.

Поминальный храм Сети I в древнем городе Абидос, Египет - Sputnik Кыргызстан
Археологдор Египеттен байыркы шаардын калдыктарын табышты
Окумуштуулардын иликтөөсү көрсөткөндөй талкаланып бара жаткан мөңгүлөрдүн эң ириси Ларсен С деп аталат. Ал Антарктиданын чыгыш тарабында жайгашып 1995-жылдан бери акырындык менен жок боло баштаган.

Окумуштуулар учактын жардамы менен бул жерди сүрөткө тартып декабрь айынын башында Ларсен С мөңгүсүнөн узундугу 112 километр, туурасы 100 метр ал эми, тереңдиги 500 метрди түзгөн жараканы байкаган.

Адистердин айтымында бул жарака былтыр же мурдагы жылы пайда болгон.

Ларсен С мөңгүсүнүн урашы Антарктиданын мөңгүлөрүнүн акырындык менен ээрүүсүнө алып келерин окумуштуулар көңгүрөө кылып кагышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0