2016-жылы эң атактуу болгон 10 видео — Роналдудан атактуу ырчы Аделге чейин

© REUTERS / Issei Kato Япониялык комик Пико-Таро. Архив
Япониялык комик Пико-Таро. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
YouTube видеохостинги өтүп бара жаткан жылдагы атактуу болгон видеолорду аныктады.

Алдыңкы 10 ролик 550 миллион жолу көрүлгөн. Интернет колдонуучулары жалпысынан он роликти 25 миллион саат көрүшкөнүн РИА Новости Business Insider агенттигине шилтеме кылып билдирди.

10 — Зомби-лэнд (21 883 630 жолу көрүлгөн) 

Америкалык жигит жаңы гана наркоз алып өзүнө келе элек карындашын тамашага салган. Алар карындашына дүйнөнү зомбилер каптагандыгын айткан.

9 — Дубайдан Нью-Йоркко карай (26 647 960) 

Белгилүү блоггер өзүнүн Дубайдан Нью-Йорк шаарына барган саякатын тарткан.

8 — Тамашакөй Жон Оливердин Дональд Трамп тууралуу тамашасы (30 778 200) 

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Жон Оливердин Трампты ийгиликсиз бизнесмен деп атап, ага добуш бербөөгө чакырган.

7 — Бейонсени пародияга салганда (36 936 740) 

Белгилүү актер Ченнинг Татум ырчы Бейонсени туурап бийлеген.

6 — Суусу бар бөтөлкө (42 033 836) 

Dude Perfect суу куюлган бөтөлкөлөрдү кандай гана ыкма менен ыргытпасын, эч кулабайт.

5 — 12 жаштагы кыздын төрт кылдуу гитарада ойногону (46 502 370) 

Грей Ван аттуу жаш кыздын төрт кылдуу гитара ойногону калыстарды таңкалтырган.

4 — Денелер алмашканда — Роналдуга айланган өспүрүм (57 209 346) 

Криштиану Роналду жөнөкөй көрүүчү менен сүзүшүп алгандан кийин, денелери алмашып калат.

3 — Жыландар эмне үчүн ышкыраарын аныктаган видео (59 593 375) 

Ата-бала жыландар кантип ышкыраарын аныктоону чечкен.

2 — Япониялык комиктин калемсап жана мөмө-жемиштер тууралуу ыры (95 559 380) 

Пико Таронун тамашалуу ыры көптөгөн көрөрмандарды чогулткан.

1 — Атактуу ырчы Адель менен караоке (135 936 240) 

Белгилүү ырчы Аделдин унаада ырдаганы 2016-жылдагы эң атактуу видео деп табылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0