Түштүк Кореянын президентине импичмент жарыяланды

© REUTERS / KIM HONG-JIТүштүк Кореянын президента Пак Кын Хенин архивдик сүрөтү
Түштүк Кореянын президента Пак Кын Хенин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк Кореянын көпчүлүк депутаттары импичментке "макул" деп добуш беришти.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Түштүк Кореянын депутаттары президент Пак Кын Хеге импичмент жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине маалымдайт. 

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев маалымат жыйында - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Текебаев тууралуу: кимдир бирөө доктор Апастын ордун басышы керек да
Ага ылайык, импичмент боюнча чечимди кабыл алууда 234 депутат "макул" деп добуш берсе, 56 депутат каршы чыккан. Андан сырткары эки депутат добуш бергенден карманышкан жана жети бюллетень жараксыз деп табылган.

Парламенттеги отурумду жергиликтүү телеканалдар түз алып көрсөттү.

Президент Пак Кын Хени кызматтан алуу демилгеси анын курбусу Цой Сун Силдин айланасындагы коррупциялык ызы-чуу байланыштуу болгон.

Эми импичмент Конституциялык сот тарабанын каралып, акыркы чечим кабыл алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0