Стамбулдагы теракттан улам Түркия бир күндүк улуттук аза күтүү жарыялады

© REUTERS / Alkis KonstantinidisТүркиянын желеги. Архив
Түркиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стамбулда кечээ кечинде "Водафон Арена" стадионунун жанында эки ирет теракт болуп, 29 адам каза болгон. Жабыркагандардын саны 166га жетти.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Стамбулдагы теракттан каза болгондордун урматына Түркияда бир күндүк аза күтүү жарыяланды. Бул тууралуу Haberler сайты жазып чыкты. 

Премьердин координациялык борбору билдиргендей, мындай чечимди Түркиянын Премьер-министри Бинали Йылдырым жарыялаган.

"2016-жылдын 10-декабрында болгон теракттын натыйжасында оор жоготуу болгондуктан бир күндүк улуттук аза күтүү жарыялоону туура көрдүк", — деп премьер-министр билдирген.

Эскерте кетсек, ишемби күнү кечинде "Водафон Арена" стадионунун жанында жардыруу болгон. Көп өтпөй полиция дагы бир теракт болгондугун кабарлаган. Маалыматтар боюнча жан кечти өзүн жардырган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0