Обама: шайлоонун жүрүшүнө кийлигишкени үчүн АКШ Россияга карата чара көрөт

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүАКШнын президенти Барак Обаманын архивдик сүрөтү
АКШнын президенти Барак Обаманын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Октябрь айында АКШнын атайын чалгындоо кызматы шайлоо системаларына Россиянын хакерлери чабуул жасаганын айтып чыгышкан.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. АКШнын президенти Барак Обама шайлоонун жүрүшүнө "кийлигишикени" үчүн Вашингтон Россияга карата чара көрөрүн билдиргенин РИА Новости маалымдады.

Эске салсак, 8-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өтүп, анда республикачыл Дональд Трамп жеңишке жеткен болчу.

"Башка мамлекет биздеги шайлоонун ачыктыгына таасир берип жатса, биз кандай болгон күндө дагы ага чара көрүшүбүз керек", — деп Обама NPR радиосуна берген маегинде баса белгилеген.

Предварительные итоги голосования на выборах президента США - Sputnik Кыргызстан
Сурамжылоо: америкалык ЖМКлар президенттик шайлоону бир тараптуу чагылдырган
Ал АКШ ыңгайы келген учурда жооп берерин кошумчалады.

"Алардын айрымдары ачыкка чыкса, айрымдары ачыкка чыгарылбайт. Бул маселе боюнча Путиндин жакшы эле маалыматы бар. Анткени ал менен бул темада ачык эле сүйлөшкөнбүз", — деди Обама.

Октябрь айында АКШнын атайын чалгындоо кызматы шайлоо системаларына Россиянын хакерлери чабуул жасаганын айтып чыгышкан. Мындан сырткары, АКШлык тыңчылар Москваны демократтардын серверлерин бузуп, Трапмка жардам берген деп айыптоодо. Ал эми Россия бардык кинелерди четке кагып келет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0