"Дүйнө сулуусу — 2016" наамын пуэрто-риколук бийкеч илип кетти

© REUTERS / Joshua RobertsКонкурс красоты "Мисс мира – 2016" в США
Конкурс красоты Мисс мира – 2016 в США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Дүйнө сулуусу" 110дон ашык өлкөдөн келген сулуулардын катышуусунда 26-ноябрдан 18-декабрга чейин АКШнын борбору Вашингтондо өттү.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Пуэрто-риколук Стефани Дель Валле "Дүйнө сулуусу — 2016" титулуна ээ болду. Аталган сынак АКШда жекшемби күнү жыйынтыкталды. Иш-чара боюнча конкурстун уюштуруучулары Twitter баракчасына жазып чыгышканын РИА Новости билдирди. 

Финалга чыккан бешиликке Дель Валледен сырткары, Кения, Индонезия, Доминикан Республикасы жана Филиппиндин сулуулары кирген. 

© REUTERS / Joshua Roberts"Дүйнө сулуусу — 2016" сынагындагы жеңүүчү пуэрто-риколук Стефани Дель Валле, Доминикан Республикасынын өкүлү Мигелина Рейес Рамирес жана индонезиялык Наташа Маннуэла
Победительница Мисс Мира из Пуэрто-Рико Стефани Дель Валле, представительница Доминиканской республики Мигелина Рейес Рамирес и Наташа Маннуэла из Индонезии во время конкурса Мисс мира – 2016 - Sputnik Кыргызстан
"Дүйнө сулуусу — 2016" сынагындагы жеңүүчү пуэрто-риколук Стефани Дель Валле, Доминикан Республикасынын өкүлү Мигелина Рейес Рамирес жана индонезиялык Наташа Маннуэла

Эскерте кетсек, аталган сынакка Кыргызстандын атынан Перизат Расулбек кызы барган. Бирок ал сынакта жарым финалга чыккан жок.

"Дүйнө сулуусу" 1951-жылдан бери уюштурулуп келген кадырлуу сынактардын бири.

Жаңылыктар түрмөгү
0