Чыгыш Алепподон 400 согушкер үй-бүлөсү менен чыгып кетти

© AFP / Youssef KARWASHANСитуация в Алеппо
Ситуация в Алеппо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки күн ичинде шаардан 9,5 миң кишини чыгарылган.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Чыгыш Алеппону таштап чыккан 382 согушкер үй-бүлөсү менен провинциянын түштүк-батышын карай багыт алды. Бул туурасында РИА Новости кошуундагы маалымат булагына таянып кабарлады. 

"Чыгыш Алепподон 382 согушкер үй-бүлөсү чыгып кетти. Алардын ичинен эки жарадар жана дагы үч адам шаарда кала турганын айтып, автобустан түшүп калды", — деп билдирди булак.

Военный конфликт в Сирии - Sputnik Кыргызстан
Сириянын Алеппосунда аскерлер 15 террорчуну жок кылышты
Аталган калаадан согушкерлердин калган бөлүгүн чыгаруу эки күндөн бери токтотулуп, автобустардын айдоочулары Рамус шаарындагы эвакуацияланган кварталда буйрук күтүп отурушкан. 

Эки күн ичинде шаардан 9,5 миң кишини чыгарылган. Анткен менен калган террорчулар Алеппонунун акыркы кварталдарын таштап чыгып кеткенден баш тартты. 

Сириялык армиянын атайын операциялары башталгандан тарта кварталдарды басып алган согушкерлер сирия бийлигинин аскер жетекчилиги менен байланышып, артка чегинүүгө даяр экендиктерин айткан. Бирок бул үчүн алар коопсуз кордиор сураган.

Жаңылыктар түрмөгү
0