Британиялык журнал 2017-жылы кандай селфи популярдуу болорун айтты

© AFP / CHARLY TRIBALLEAUСелфи жасап жаткан кыздар. Архив
Селфи жасап жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келерки жылы "Балык ооз" жана "дакфейс" селфиси эскирип, жаңы тенденция келери божомолдонууда.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Британиядагы айымдардын Marie Claire аттуу онлайн журналы келерки жылдын заманбап селфисинин түрүн атады. 

Адистердин айтымында, бетин колу менен жарым-жартылай жаап түшкөн селфилер тренд жаратат. Мындай тенденция беттеги айрым кемчиликтерди жаап жашырууга жол ачкандыктан популярдуу болот. Мындан тышкары мындай селфи аркылуу мыкты маникюрду көрсөтүүгө жол ачылат. 

Instagram жылдыздарынын баракчалары ушундай типтеги сүрөттөргө азыртан эле толо баштаганы маалыматта белгиленген. 

Өтүп бара жаткан жылы "дакфейс" жана "балык ооз" (оозду бир аз ачып сүрөткө түшүү) селфилери популярдуу болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0