Nokia Apple компаниясын немец жана америка сотуна берди

© REUTERS / BOBBY YIPApple хочет зарегистрировать бренд по-русски — "Яблоко"
Apple хочет зарегистрировать бренд по-русски — Яблоко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкалык компаниянын үстүнөн доо арыз Дюссельдорф, Мангейм, Мюнхен шаарларынын жана Техас штатынын сотторуна жазылган.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Телекоммуникациялык жабдууларды чыгарган финляндиялык Nokia америкалык Apple компаниясынын үстүнөн Германия менен АКШдагы бир нече сотторго кайрылды. Кеп патент мыйзамын бузган фактылар туурасында болуп жатат деп билдирген фин компаниясы. Бул боюнча РИА Новости жазды.

WhatsApp мобилдик тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир айдан кийин WhatsApp миллиондогон смартфондо иштебей калат
Америкалык компаниянын үстүнөн доо арыз Дюссельдорф, Мангейм, Мюнхен шаарларынын жана Техас штатынын сотторуна жазылган. 

Компания Apple алардын "2011-жылдагы портфелиндеги" патенттелген табылгаларды колдонууну тиешелүү түрдө лизенциялоодон баш тарткан. Бул технологиялар программалык жактан камсыздоо, дисплей жана колдонуучулук интерфейске тиешелүү. 

"Apple" компаниясынын бул патенттерди колдонуусу жаатында кепке келүү боюнча бир нече жылдар бою сүйлөшүүлөрдөн соң, өзүбүздүн укуктарды коргоо боюнча кадамдарды баштайбыз", — деп айтты Nokia компаниясынын патенттик иштери боюнча жетекчиси Илкки Рахнасто.

Компания алардын укуктарынын бузулушу жана башка юрисдикциялар боюнча юридикалык аракеттерди жасоо иштерин четке каккан жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0