Филиппиндин президенти Дутерте БУУну "өрттөйм" деп коркутту

© REUTERS / Jason LeeФилиппиндин президенти Родриго Дутертенин архивдик сүрөтү
Филиппиндин президенти Родриго Дутертенин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Филиппин өлкө башчысы БУУнун укук коргоочулары аны адам өлтүрдү деп айыптап, бул ишти иликтөөгө алып жатканына жини келгенин айтты.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Филиппиндин президенти Родриго Дутерте Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) дагы бир жолу колун кесеп, "БУУну өрттөйм" деп коркутканын РИА Новости агенттиги The Independent басылмасына шилтеме берип кабарлады. 

"Дутерте Замбоанга шаарында аскердик базада сүйлөп жатып: "БУУга барып даттана бергиле, Америкага келсем БУУну өрттөйм", — деп билдирген.

Беспрецедентная кампания по борьбе с наркотиками на Филиппинах - Sputnik Кыргызстан
Филиппин полициясы баңгизатка каршы рейд учурунда шаар мэрин жок кылды
Филиппин өлкө башчысы БУУнун укук коргоочулары аны адам өлтүрдү деп айыптап, бул ишти иликтөөгө алып жатканына жини келгенин айтты.

БУУнун маалыматында Дутерте бийликке келгенден бери баңгизатка байланышы бар делген 6 миңден ашык адам өлтүрүлгөн.

Мындан сырткары Дутерте Манилдеги маалымат жыйында сүйлөп жатып БУУнун Жогорку комиссары Зейд Раад аль-Хусейнди "келесоо" деп атаган.

Мурда Родриго Дутерте Давао шаарынын мэри болуп турганда кылмышка шектелген адамдарды өзү өлтүргөнүн айтып чыгып, тартип коргоо органдарын да анын жолун жолдого чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0